Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

К.Бакиев үй-бүлөсү менен Беларустан качып кеттиби?

18.08.2020 15:41
1130
К.Бакиев үй-бүлөсү менен Беларустан качып кеттиби?

Беларуста болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти. Такталбаган маалыматка караганда, ал учурда Максим Бакиев отурукташкан Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында экендиги айтылууда. Бул тууралуу VB.kg сайты жеке булактарына шилтеме берүү менен маалымдады. 

Маалым болгондой, эгер К.Бакиевдин Беларустан качып кеткени тастыкталса, анын буга чейин Кыргызстандан чыгарып кеткен активдери жана анын бардык бизнеси Кыргызстандын пайдасына өтүшү керек. Мисалы, миллиард көлөмдөгү инвестиция менен агро өнөр жай комплексинин курулушун жүргүзүп жаткан "Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясын" атоого болот.

Бул корпорациянын акционерлеринин катарында К.Бакиев жана анын Марат, Максим аттуу уулдары бар. Ал эми корпорациянын башкы директору болуп Даниил Урицкий эсептелинет. Ал Кыргызстанда мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов катары таанымал. Беларуста болгон президенттик шайлоо күнү А.Лукашенко аталган корпорациянын иши менен таанышкан болчу. 

Буга чейин маалымдалгандай, Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 80,23%, анын башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% добуш алган. Шайлоого калктын 84%ы келген.  Алардын 6% бардык талапкерлерге каршы добушун берген.  Шайлоонун жыйынтыгынан кийин Минскте нааразычылык акциясы башталып, бир нече миң адамдар Жеңиш паркында чогулушкан. Лукашенкого болгон нааразычылык акциялары азыркыга чейин уланууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн