Беларустагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Александр Лукашенко шайлоочулардын 81,35% добушун, ал эми Светлана Тихановская 8% алган. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина билдирди.
Шайлоонун жыйынтыгынан кийин Минскте нааразычылык акциясы башталды. Бир нече миң адамдар Жеңиш паркында чогулушту. Күч түзүм кызматкерлери айрым демонстранттарды кармап кетти.
Лукашенко өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келет. Бул жолу да шайлоого катышты. Анын негизги атаандашы - оппозициячыл саясатчы Сергей Тихановскийдин жубайы Светлана Тихановская.
Пикирлер (1)