Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 00:19
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Курманбек Бакиевдин үйү реабилитациялык борбор болуп ачылат

03.06.2022 14:07
683
Курманбек Бакиевдин үйү реабилитациялык борбор болуп ачылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реаблитациялык борбор ачыларын билдирди.


Министр бул максаттарга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Жибек-Жолу 519 жана 521 дарегинде жайгашкан үйү болгон жайлар өткөрүлүп берилерин айтып, майыптардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн өлкөдө болуп көрбөгөндөй кадамдар жасалып жатканын билдирди.


"Президенттин жарлыгы менен биринчи жолу чоң кишилерге жана майыптыгы бар балдарга жөлөк пулдар, ошондой эле өзгөчө балдарын багып жүргөн ата – энелерге жеке жардамчыларга төлөмдөр көбөйтүлдү. 1-июндан баштап жеке жардамчынын кызматын балдар гана эмес, 18 жаштан жогору ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар да ала алышат. Бул жайларды өткөрүп берүү аяктагандан кийин, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн акысыз реабилитациялык борбор ачуу ишин баштайбыз. Өзгөчө баласы бар ар бир үй-бүлө жеке кызматтарга акы төлөй албастыгын баарыбыз билебиз. Эми мамлекет заманбап борбордо сапаттуу кызматтарды акысыз көрсөтөт. Борбор бир эле учурда 100гө чейин баланы кабыл ала алат", - деди Кудайберген Базарбаев.


Бүгүн Кыргызстанда 32 миң майып бала жашайт. Министрликте өлкө боюнча заманбап реабилитациялык борборлорду ачуу ведомствонун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн