Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев 2 айга УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту өкүм чыгарды.
Сот Курманбек Дыйканбаевдин баш коргоо чарасын 24-ноябрда караган. Анда аны 2021-жылдын 24-январына чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечими чыккан.
Эске сала кетсек, Дыйканбаев парламенттик шайлоо өнөктүгү мезгилинде айрым партиянын мүчөлөрүнөн 7 миллион сом алды деген шек менен кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн