Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев мамлекетке 7 миллион сом төгүп үй камагына чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу "Вести.кг" сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалган Дыйканбаевди 1-апрелде үй камагына чыгарган. Ал үй камагында 24-майга чейин болот.
Эске салсак, Курманбек Дыйканбаев 24-ноябрда кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн