Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Курманбек Дыйканбаев шайлоо чыгымын кайсы ишканадан “сындырган”?

26.11.2020 11:43
910
Курманбек Дыйканбаев шайлоо чыгымын кайсы ишканадан “сындырган”?

 

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев жакында парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик ишканалардын биринен 7 млн. сомдон ашуун (болжолдуу 100 миң доллар) акча өндүргөн деген шек менен камакка алынган. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айыпталууда.


Анын бул кадамы коомчулукта түрдүү пикирлерлерди жаратып, Дыйканбаев кайсы мамлекеттик ишкананы “сындырган” деп баш катыргандар бар. Биздин ишенимдүү булактарыбыз кабарлагандай Курманбек мырза акчаны “Дастан” мамлекеттик ишканасынан алган. Тергөө учурунда бул маселе да ачыкка чыгышы ыктымал. Эң кызыгы “Дастандын” жетекчиси менен Дыйканбаев бир партиядан шайлоого аттанган. Эми окуя кандай болгонун тиешелүү органдар аныкташы керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн