Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Курманкул Зулушев: Кыргызстанга таза парламенттик башкаруу керек

02.04.2020 19:54
4320
Курманкул Зулушев: Кыргызстанга таза парламенттик башкаруу керек


Кечээ,1-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул долбоор парламенттин расмий сайтына жарыяланды. Өлкөдө коронавируска каршы күрөш жүрүп, көптөгөн маселелер экинчи планга чыгып жатканда мындай демилге коомчулукта кызуу талкууга алына баштады. Аталган мыйзам долбоорунун автору Курманкул Зулушев өз демилгеси тууралуу “Медиа центрге” түшүндүрмө берди.


- Сиздин Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышыңызга эмне түрткү болду?

 

- Мыйзамды демилгелөө максаты мындай. 2020-жылдан кийин конституциялык реформага барабыз деп азыр көпчүлүк саясатчылар айтып жатат. Мен дагы конституциялык реформа сөзсүз түрдө болуш керек деген ойдомун.

 

- Эмне үчүн коронавирус менен күрөш жүрүп жаткан убакта коомдук талкууга алып чыктыңыз? Анан, эмнеге 4-октябрда? 

 

- Мыйзам долбоорун 19-мартта, өзгөчө абал кире элек учурда парламенттин аппаратына жибергенбиз. Алар которуп, мыйзамдарды карап, тактап кечээ илишиптир. 

Конституциялык реформанын алдында мамлекеттик казынага зыяны тийбей парламенттик шайлоо менен кошо, элден парламенттик башкарууну каалайсызбы же президенттикпи деп сурап алышыбыз керек. Эл кандай башкарууну кааласа ошого жараша Конституция, Баш мыйзам жазылышы зарыл. Бул бир жылдап, бир жарым жылдап жазылат. Анда Конституциялык кеңешме түзүлүп, башка көп маселе бар. Бул биринчиден каржы жагына үнөмдүү, экинчиден алгачкы жолу легитимдүү эл тарабынан өткөн референдум болот.


Себеби бир ай саясий партиялар кайсы мамлекеттик түзүлүштү каалайт айтып, үгүт иштерин жүргүзөт. Бир айдан кийин ар бир партиянын өкүлдөрү ошол шайлоо участокторунда болуп, аны таңууланбай, таза өтүшүн көзөмөлдөй алат. Шайлоо күнү бийлик да, саясий партиялар бут тосо албайт, реалдуу эл каалагандай жыйынтык келип чыгат.

 

- А сиз Кыргызстанда кандай башкаруу болушун каалайт элеңиз?

 

- Эгер жеке менден кайсыл башкарууну каалайсыз деп сурасаңыз, мен айтам, Кыргызстанга парламенттик башкаруу керек.  Азыркыдай аралаш эмес, таза парламенттик башкаруу болушу зарыл. Анда шайлоодон утуп чыккан партиянын лидери өзү  премьер-министр болуп, өкмөттү өзү курашы керек. Президенттин администрациясы Германиядагыдай 3-4 кызмат менен гана калып, президент мыйзамдарды колдогон, конокторду тоскон гана адам болушу абзел. Ошондо бардык бийлик премьер-министрге өтөт .

 

-  Мындай маселени Кыргызстанда кайсы бир саясатчы өзү эле демилгеп чыга албайт, Зулушев бийликтин буйругун аткарып жатат деген да кептер айтылып жатат. Чын эле ушундайбы?

 

- Азыр ар кандай ойлор айтылып жатат, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккандан кийин талкуулайт да.  Айрым адамдар бийликтин буйругун аткарып жатат деген да пикирлерин жазып жатышат.  Мен айтат элем, ар бир депутат маанилүү окуялар боюнча өзү жалгыз сунуш киргизгенге, мыйзам долбоорун алып чыкканга укуктуу. Бул жеке менин демилгем. 

Белгилей кете турган нерсе, мен азыр Конституцияны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун алып чыккан жокмун. Бир маселени, эл кайсы түзүлүштү тандайт чечип алалы деп атам.

 

- Бирок бул ошол Конституциялык өзгөрүүгө алып бара жаткан кадамдардын бири да?

 

 - Азыр бардык саясий күчтөр парламенттик шайлоодон кийин конституциялык реформага барабыз деп айтып жатат. Мен да кошулам бул пикирге. Долбоор азыр болгону сунуш гана. Парламент 3 окууда колдойбу? БШКнын, өкмөттүн, Президенттик аппараттын оюу кандай билбейбиз да.  Мен азыр болгону коомдук талкууга алып чыгып, сайтка гана илинди, менин депутат катары жеке демилгем. Мамлекеттик түзүлүш оңолсун, башкаруу формасы жакшырсын деген гана оюм. Калганын мезгил көрсөтөт, кабыл алса өтөт, кабыл алынбаса калат.

 

 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Алтынбек
Кечээ 22-ноябрь элегоо...? "Кечээ 1-апрелде Конституциянын жаңы долбоору талкууга коюлду"- дейт. Азыр 2020-жылдагы ноябрдын акыркы числолору болсо керек эле. Же мен адашып атамбы? Ноябрь айынын акырынан эле ошондо январь, февраль, март айлары болбой калабы?
Админ Медиа центр
Саламатсызбы, окурман! Сиз 2020-жылдын 2-апрелинде чыгарылган маалыматты окуп жатасыз.
Юрист
Эми юристке окшодунуз Курманкул мырза