Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Курманкул Зулушев: Референдум өткөрүү – бул менин жеке демилгем

02.04.2020 16:43
897
Курманкул Зулушев: Референдум өткөрүү – бул менин жеке демилгем


Референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору өзгөчө абал режими жарыяланганга чейин киргизилген, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев "Азаттыкка" берген маегинде.


Анын айтымында, референдум өткөрүү боюнча сунуш анын жеке демилгеси. “Бул менин жеке демилгем. Кээ бири ойлоп жатышат, мени бийликтин көрсөтмөсүн аткарып жатат деп. Бирок мен эч качан эч кимдин буйругун аткарбайм. Бул тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна 19-мартта эле киргизгем. Ал кезде өзгөчө абал кире элек болчу. Ал эми Жогорку Кеңеш расмий сайтка мыйзам долбоорун коомдук талкууга 1-апрелде чыгарды. Кайталап айтып коёюн, бул менин депутаттык пикирим, президент, өкмөт жана Борбордук шайлоо комиссиясы кандай сунуштарды киргизет аны убакыт көрсөтөт”, - деди Курманкул Зулушев.


Эске салсак, референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда жарандарга башкаруунун кандай формасында жашоону каалай турганына – парламенттик же президенттик башкаруубу, добуш берүү аркылуу чечүү сунушталган. Документ парламенттин сайтында жайгаштырылды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн