Санкт-Петербург шаарында Европа мамлекеттеринин прокуратура органдарынын башчыларынын эл аралык конференциясы өтүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Конференцияда Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын демилгеси менен 2021-жылдын 8-июлунда КМШга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешмесинин кезексиз жыйыны болуп, анда Координациялык кеңешменин катчылыгына жаңы талапкер бекитилди.
Иш чарага КМШ өлкөлөрүнүн көзөмөл органдарынын жетекчилери жана Европа Кеңешине мүчө мамлекеттердин Башкы прокуратурасынын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү катышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн