Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:33
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Курманкул Зулушев айтпай туруп соттук отурумдарга катышарын билдирди

09.02.2022 14:15
920
Курманкул Зулушев айтпай туруп соттук отурумдарга катышарын билдирди

Бүгүн, 9-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда 20-февралдан баштап соттук процесстерге өзү катышарын билдирди.


Анын айтымында, облус жана райондун прокурорлорунун сот жыйындарына катышып жатышы дагы текшерүүгө алынат.


“Биз февралдын экинчи жарымынан тарта кийинки жылдын декабрь айына чейин каалаган убакытта өзүм, орун басарларым менен айтпай туруп соттук процесстерге катышабыз. Максатыбыз ошол жыйындагы прокурордун ишти канчалык деңгээлде билет, активдүү катышуудабы же уктап отурабы, мыйзамды билип-билбегенин текшеребиз”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн