Башкы прокурор Курманкул Зулушев отсавкага кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.
Агенттиктин маалыматына ылайык, Зулушев бүгүн жыйын өткөрүп, жамаат менен коштошкон. Азырынча отставканын себептери жана анын ордуна ким келери белгисиз.
Зулушев бул кызматты 2020-жылдын октябрынан бери ээлеп келе жаткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн