Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Курманжан Датканын кичи мекенинде эстелиги тургузулду

25.04.2023 15:34
768
Курманжан Датканын кичи мекенинде эстелиги тургузулду


Бүгүн Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылында Курманжан Датканын эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. 


Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назилбеков, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана жергиликтүү тургундар катышты. 


Эстелик Ош шаардык кеңешинин депутаты Бексултан Усөновдун жана жергиликтүү элдин демилгеси менен тургузулган. 


Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундары улуу жол башчы жана башкаруучу Курманжан Датканын эстелигин орнотууга салым кошкондорго ыраазычылыктарын билдиришти. 


Курманжан Маматбай кызы (Курманжан Датка) Ош шаарына караштуу Жапалак аймактык кеңешине караштуу Орке (Орок) айылында көчмөндөрдүн үй-бүлөсүндө туулган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн