Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:34
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайынын имараты буздурулуп, кайра курулат

15.10.2024 17:34
98
Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайынын имараты буздурулуп, кайра курулат


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Муратаалы Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайынын имараты буздурулуп, кайрадан ушундай эле стандартта курууну пландап жатат. Бул тууралуу Биринчи радиого министрдин биринчи министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, мурун окуу жайдын пайдубалы жердин үстүнө эле куюлуп, имарат жер төлөсүз эле салынган.

"Атайын комиссия түзүлгөн, анын чечиминин негизинде биз бул окуу жайды толугу менен бузуп, имаратты туура пайдалануу үчүн ошол эле абалда, формада, стандартта кайрадан курууну пландап жатабыз. Имарат маданий мурастарды коргоо боюнча тизмеде, азыр аны тизмеден чыгаруу боюнча иш жүрүп жатат”, — деди Эсенгул уулу.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын август айында КР президенти Садыр Жапаров аталган окуу жайга улуттук макам ыйгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн