Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 11:26
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Курортология институтунан коронавирус жуктурган акыркы бейтап айыгып чыкты

14.09.2020 12:18
1065
Курортология институтунан коронавирус жуктурган акыркы бейтап айыгып чыкты


Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирус жуктурган акыркы бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, коронавирус күчөгөн мезгилде Социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына эки медициналык мекеме берилген: Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту жана Онкология жана гематология улуттук борбору.


Министрлик кураторлук кылган мезгилден тарта - 8-июлдан бери бул эки медициналык мекемеге 1 миң 116 адам келип түшкөн. Алардын ичинен 1 миң 79 киши айыкса, 37 адам каза болгон. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн