Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Куттубек Рысматов коло медалга ээ болду

03.08.2023 13:01
708
Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Куттубек Рысматов коло медалга ээ болду


Кыргызстандын грек-рим күрөшү (U-17) боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Куттубек Рысматов Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 55 кг чейинки салмак категориясында катышкан. 1/4 финалдык беттеште индиялык балбанга 6:9 эсебинде жеңилип калган.

Жубатуучу беттеште израилдик балбанды 4:0 эсебинде жеңген. Ал эми коло медаль үчүн беттеште түркиялык балбан менен күч сынашып, жыйынтыгында 10:1 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн