Айпери Медет кызы Бишкектеги UWW рейтингдик турнирин ийгиликтүү баштады.
Турнирде кыргызстандык 76 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жалпысынан 12 спортчу катышууда.
Медет кызы 1/8 финалдан баштап, казакстандык Гүлмарал Еркебаеваны 4:1 эсебинде жеңип алды. Анын кийинки атаандашы украиналык Анастасия Алпеева болмокчу.
68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова 1/4 финалдан баштап, анын атаандашы казакстандык Елена Шалыгина болмокчу. Алматыда (Казакстан) өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчулар 3-орун үчүн күрөштө өз ара беттешти. Анда казак аял Жуманарованын мурдун сындырып салган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн