Адам баласы дайыма өзгөрүп турууну самаган жан. Эгерде ал жакшы жашап жатса деле кандайдыр бир өзгөрүүнү самай берет. Курсагы ток, кийими бүтүн, ден соолугу чың болуп турса да жаңы нерселерге болгон каалоосу токтобойт. Бир тарабынан карасаң адам баласы теңдикти, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү сүйөт. Экинчи тарабынан карасаң, башкаларга караганда бай жана атактуу болгусу келет. Колунан келсе баарын башкарып алуудан да кайра тарта албайт. Курсагы ач болсо, эси-дарты тамакта гана болот. Карды тоюп, узак убакыт ачкачылык эмне экенин эсинен чыгарганда, каалоолордун тизмеси улам чоңое берет. Пенденин табияты ушундай жаралган.
Кыргызстан эмне үчүн отуз жыл ичинде бүгүнкүдөй таз кейипке түштү? Таз кейип десем капа болбогула, бул жакшыраак айтылган кеп болду. Андан да жаман сөз менен атаса боло тургандай абалдабыз. Ырас, мода кууп кийингенди европалыктардай эле өздөштүрдүк. Заманбап техникаларды да өздөштүрүүдөн кем калбадык. Жаркыраган евроремонту менен үйлөрдү кура алдык. Шайма-шай машинелерди миндик. Тамактын түрлөрү жасалган ресторан-кафелер ачылды. Дүркүрөтүп той берип жатабыз. Байларга теңелип, кредит алып той өткөргөндөрүбүз да көп.
Ошентип жалпы жонунан карасаң, дүйнө элдеринен кем калбай эле жашап жаткан сыяктуубуз. Бирок, мамлекетибизде эч эле туруктуулук орнобой койду. Экономикабызды жалаң тыштан алган кредиттер, карыздар менен жамаачылап келебиз. Отуз жыл ичинде өзүбүз жок дегенде өтүк тиккен ири ишкана түптөй албадык. Тыштан алынган карыздар Кыргызстанга келип, жарым жылга чыдабаган асфальтка айланат, же бир жыл иштей элек жатып бузулган ТЭЦ болуп калат. Анан эле карасаң, ошол мезгилде үлкөн кызматтарда отурган чиновниктерде жаңы хансарайлар, жаңы «Лексус-570»тер пайда болот. Өлкө ичиндеги жана чет мамлекеттердеги банктарда эсептери ачылып калат. Уул-кыздарын чет мамлекеттерде 10-20 миң АКШ долларын төлөп окутуп жатышкан болот. Ошентип байманалары ашып-ташып турса деле, улам жаңы мүлктөргө ээлик кылып калгылары келет. Былыктары ачылып жатса деле кайра бийликке жутунушат. Айтор, 30 жылдан бери курсактары тойгон менен, жан дүйнөлөрү жакырланган чиновниктерге байыдык.
Бүгүнкү күндөгү парламенттин деңгээлин караңыз, министр, аким-губернаторлордун деңгээлин караңыз. Анан СССРдин убагындагы министр, райкомдун 1-катчылары, депутаттарынын деңгээлдери менен салыштырыңыз. Азыркылардын галстуктары, костюм-шымдары гана чыкыйганы менен, интелектуалдык деңгээли, маданияты, билими аларга караандабай деле калып жатпайбы. Сүйлөгөн сөздөрү эл, мамлекеттин кызыкчылыгы тууралуу болгону менен, жасаган иштери жеке бизнестерин гүлдөтүүгө гана багытталып жатканын да жашырууга болбойт. Баарынын курсагы ток, бирок жан дүйнөлөрү жакыр болуп жатканы ушул эмеспи?
Жалпы жонунан элибиздин да курсагы ток. Ата-бабаларыбыз мындан да оор убактарды башынан өткөргөн. Бир сындырым нанга бир күн бою өзөк жалгаганына ыраазы болгон күндөр өткөн. Ошол күндөргө салыштырмалуу бүгүн элдин курсагы ток. Бирок, көңүл ток эмес. Акыркы жылдарда кыргызстандыктардын көздөрүндө үмүтсүздүктүн белгилери байкалды. Чарчаган, чаалыккан, баарынан тажаган көздөр.
Эмнеге мындай абалга кептелдик? Себеби, биз отуз жылдан бери карай жалаң курсакты тойгузуу менен гана алек болуп калдык. Жан дүйнөнү тойгуза турган эч кандай аракеттер болгон жок. Жан дүйнөсү ачка адамдын курсагы эч качан тойбой турганын түшүнбөдүк. Ошонун натыйжасында биз ыркырашкан-чыркырашкан, бири-бирин сыйлабаган коомго татыктуу болуп отурабыз. Бийлик башындагылар дайыма эле экономикалык кризис тууралуу кеп кылып, анын алдын-алуу тууралуу сүйлөшөт. Ал эми жан дүйнө кризиси тууралуу кеп жок. Качан ушул багытта иштер жүрөт? Качан мамлекет муну ойлонот? Жан дүйнө жакырчылыгын жоюу иш-аракеттери коомду тарбиялайт, маданияттуулукка, тартиптүүлүккө багыт берет. Эгер коом ошол багытка бет алса, анда бийлик башындагылар үчүн да тынчыраак отуруп иштөөгө шарт түзүлөт. Күнүгө митинг-пикеттерге алагды болуудан калат эле. Качан ойгонобуз?..
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн