Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Курсан Асанов: Кой-Таш окуясы боюнча жакында кызыктуу фактылар ачыкка чыгат

07.08.2020 13:41
1848
Курсан Асанов: Кой-Таш окуясы боюнча жакында кызыктуу фактылар ачыкка чыгат


Жакында кызыктуу фактылар ачыкка чыгат. Бул тууралуу ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Кой-Таш окуясы боюнча журналисттерге комментарий берип жатып билдирди. 


Анын айтымында, соттук отурумдар мыйзамдын чегинде өтүп жатат. 


"Мага коюлуп жаткан айыптоолор боюнча менин күнөөм жок экендиги далилденерине ишенем. Жакында кызыктуу фактылар ачыкка чыгат. 70ке жакын күбө бар, бирге жүргөн кызматкерлер көрсөтмө беришет, алардын кээ бири жумуштарынан бошотулган, кээ бири иштеп жатат. Бул окуя боюнча видео далилдер бар, жакында сот отурумунда айтылат. Акыйкаттык мен тарапта болот деп ишенем", - деди К.Асанов. 


Ал Кой-Таш окуясына туура бир жыл болгонун жана бул убакыт көз ирмемдей өтүп кеткенин белгиледи.  


"2019-жылдын 7-8-август күндөрү тууралуу айтсам, анда кан төгүүнү болтурбоо үчүн күч аракетимди жумшагам. Биздин максат мурунку президент Алмазбек Атамбаевди тергөөгө алып келүү болчу. Ошондуктан өзүмө жоопкерчиликти алып, сүйлөшүүнүн негизинде Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берген. Мен кылган ишиме өкүнбөйм. Бул иш боюнча дагы жакында чындыктар ачыкка чыгат", - деди Асанов. 


Белгилей кетсек, Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен алынган.


Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана коюлган айыптардын бардыгы негизсиз экенин айтып келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн