Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов УКМКнын абагына которулат. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова 24.kg агенттигине билдирди.
Анын айтымында, өтүнүч прокуратура тарабынан берилген. Сот бүгүн тиешелүү чечим чыгарды. Белгилей кетсек, буга чейин генералды Бишкектеги СИЗО-1ге өткөрүп берүү чечими кабыл алынган.
Курсан Асанов үчүн 21-мартка чейин камакка алуу түрүндө чара көрүлдү. Ага массалык башаламандык жана Ички иштер министрлигинин имаратын басып алуу боюнча айып тагылууда. Асановго дагы КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча дагы бир айып тагылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн