Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Курсан Асанов абактан бошотулду

12.04.2021 10:50
1073
Курсан Асанов абактан бошотулду

ИИМдин мурдагы министри Курсан Асанов абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн анын соттук отурумунан кийин белгилүү болду. 


Маалым болгондой, бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаардык сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум өттү. Отурумда жактоочулар Асановду абактан бошотуу боюнча өтүнүчүн билдирди.

Жактоочулар Биринчи Май райондук соту Асановду негизсиз түрдө камакка алуу чечимин алганын билдиришти.


Судья кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан соң, Курсан Асановду абактан бошотуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн