Ички иштер министрини мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымында, Курсан Асанов бүгүн ИИМге суракка чакырылган. Ал 5-6-октябрдагы окуяларда ИИМди күч менен басып алууга шектелип камакка алынган.
"Бул саясий чечим. Курсан Асанов ИИМдин имаратына Өмүрбек Суваналиевдин буйругу менен келген. Талап-тоноого жол бербөө үчүн ушундай кадамга барган. Ал элдик кошуундар менен бирге абалды турукташтырган. Асановго ырахмат айтуу ордуна камап коюшту. Асанов ошол убакта эч кандай буйрукка кол койгон эмес",- деди Айткулов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн