Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Курсан Асанов камалды, Сурабалдиева менен Токтогазиев качан жооп берет?

27.01.2021 11:57
1152
Курсан Асанов камалды, Сурабалдиева менен Токтогазиев качан жооп берет?


 

26-январда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынды. Ал ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалганы белгилүү болду. Алдын ала маалыматтарга караганда Асановго Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айып коюлган. Тактап айтканда аны 5-октябрдагы окуялардан кийин ИИМдин имаратын басып алган деп күнөөлөп жатат.


Чынында 5-октябрдагы тополоңдон кийин көптөгөн мамлекеттик мекемелер ар кайсы адамдар тарабынан басып алынган. Эгер Кыргызстанда мыйзам баарына бирдей иштей турган болсо Курсан Асановдой аракетке барган далай фигуралар жоопко тартылышы керек. Алардын катарында Башкы прокуратураны ээлеп алган Сыймык Жапыкеев, УКМКга барып отуруп алган Өмүрбек Суваналиев, өзүн Оштун мэри катары жарыялап жиберген Дүйшөн Төрөкулов, премьер-министр болом деп өкмөт үйүнө кирип барган Тилек Токтогазиев, аны көкүтүп жүргөн Элвира Сурабалдиевалар бар.


Эмне үчүн Асановго иштеген мыйзам башкаларга иштебейт? Жаңы бийлик акыйкаттыкты орнотом десе жогоруда биз санаган адамдардын үстүнөн да иликтөө жүргүзүп, ал иликтөө соңуна чыкканга чейин Токтогазиев менен Сурабалдиева убактылуу кызматын бошотуп турушу керек. Ошондо гана эл ынанып, кылмышкерлерге каршы күрөш акыйкат жүрүп жатканына ишенет. Болбосо мындай тандалма иштер азыркы чоңдорго абийир алып келбейт. 


Канатбек Аскаров

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Алмазбек
Акаевди кубалагандан бери бийлике келгендер баары камалышы керек эч кандай революция болгон эмес төңкөрүш болгон.
EDEM
Мамытканов да бар
Таа
Мага каршы суйлобо сага тийбейм деген принцип менен иштейт мыйзам.