Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бүгүн үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова кабарлады.
Берилген атайын өтүнүч каттын негизинде Биринчи май райондук соту Курсан Асановду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Эске салсак, Курсан Асановду массалык баш аламандык уюштуруу боюнча эки айга убактылуу кармоочу жайда кармоо чечими чыккан эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн