ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу анын жактоочусу 24.кг агенттигине билдирген.
Жактоочунун айтымында, Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асанов Кыргызстанга кайтып келген жана ага карата ачылган иш атасынын кылмыш иши менен бириктирилген. Буга байланыштуу сот аны өлкөдөн чыкпоо шарты менен бошоткон.
Эске салсак, Курсан Асанов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн