Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Курсан Асановдун иниси бычакталып, ооруканага түштү

30.01.2021 18:15
2236
Курсан Асановдун иниси бычакталып, ооруканага түштү

Курсан Асановдун жакын иниси Жанар Асанов бычактан жараат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.


Алдын ала маалыматтарга ылайык, Жанар Асанов бул окуя боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине арыз менен кайрылган эмес.


Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын катчысы Замир Сыдыков тастыктады.


«Аталган окуя бизге Ош шаардык ооруканасынан 26-январда кабарланган. Ж.А. аттуу жаран миздүү буюмдан жаракат алганы боюнча айтылган. Жабырлануучу өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө өзүн өзү сайып алганын айтып жатат. Окуя учурда Ак-Буура милиция бөлүмчөсү тарабынан иликтенип жатат», - деди ал.


Ош шаардык ооруканасынын маалыматына ылайык, Ж.А. аттуу жаран аталган оорукананын урология бөлүмүнө түшкөн. Сайылган бычак сол жак бутуна жана жыныстык мүчөсүнө тийген.


Маалым болгондой, Жанар Асанов буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айнур Кенжебаева
Көрө албастык атайын кылышты