Президенттикке талапкер, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун штабы Башкы прокурорго арыз жазды. Бул тууралуу "Чындык.медиа" агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Асановдун штабы УКМКга шайлоо алдында аны каралоо иретинде жубайына козголгон иште жубайынын атын ачык атоо мыйзам бузуу экенин эске салат. Буга байланыштуу президенттикке талапкер адамдын аброюна шек келтиргендиги үчүн тиешелүү чаралар көрүлүш керек деп эсептейт.
Эске салсак, 7-январда УКМК президенттикке талапкер Асановдун жубайына карата кылмыш ишин козгогон эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн