Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун аялы УКМКга сурак берүү учурунда эсин жоготкон. Бул тууралуу "Вести.кг" сайты талапкердин штабына шилтеме кылып жазды.
"Кечээ аны УКМК суракка чакырган. Аны 2 саат суракка алган. Сурак учурунда ал эстен танган. Ошол жерден ооруканага алып барышкан. Азыркы учурда ал ооруканада", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, УКМК Курсан Асановдун аялын чет элдик инвесторду алдаган деген шек менен "алдамчылык" беренеси боюнча суракка чакырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн