Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Курсан Асановдун жубайына соттук-медициналык экспертиза дайындалды

10.02.2021 18:05
824
Курсан Асановдун жубайына соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайына соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова 24.kg агенттигине билдирди.


 Анын айтымында, учурда Күлнара Үсөнканова жеке клиникада дарыланып жатат. УКМКнын тергөөчүсү ИИМдин мурдагы кызматкеринин жубайын ооруканага жаткыруу маселесин көтөрдү.


«Күлнара Үсөнканова Улуттук госпиталдан  чыгарылып, андан кийин жеке клиникага жаткырылган. Ал төшөктө жатып калды, бүгүн гана бир аз  отура баштады. Тергөөчү Усенканованын инсульту бар жок экенин тактоону талап кылды. Коопсуздук кызматкери менин кардарымды кол коюуга мажбур кылган, андан кийин туугандарынын айтымында, ал ооруп калган. Биз буга чара көрөбүз», - деди Таалайгүл Токтакунова.


Үсөнканова ири суммадагы акчаны алдамчылык менен алган деген шек менен кармалып, суракта өзүн жаман сезип ооруканага жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн