Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылган.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, аталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө иши жүрүүдө.
“Ведомство жабыркаган курсанттардын дарылануусуна, медициналык текшерүүгө жана операцияга тиешелүү жардам көрсөтүүдө. Аскер кызматкерлери аскердик дарыгердин көзөмөлүндө. Курсанттардын абалы канааттандырарлык”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн