Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Курултайда Баткенден келген делегат президенттен "Теке секирик" долбоорун колдоп берүүнү суранды

16.12.2023 13:06
314
Курултайда Баткенден келген делегат президенттен "Теке секирик" долбоорун колдоп берүүнү суранды


Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат. Бүгүн, 16-декабрь - курултайдын экинчи күнү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда.

Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылынан келген делегат Курманбек Сапаров президенттен "Теке секирик" долбоорун колдоп берүүнү суранды.

"Баткенди кеңейтип, жашылдандыруу үчүн суу керек. "Теке секирик" долбоору ишке ашып калса, Баткен өнүгүп-өсмөк", - деди делегат.

Белгилей кетсек, “Теке секирик” долбоору 2006-жылы Баткендин ошол кездеги губернатору, Султанбай Айжигитов тарабынан сунушталган. 16 жылдан бери сөз болуп келе жаткан долбоор ишке ашса Баткен облусунда кеминде 50 миң гектар жер өздөштүрүлөт. Долбоордун алкагында Баткен районунун аймагындагы Көк-Дарыяга суу сактагыч жана ГЭС курулушу керек.

Ошондой эле баткендик делегат мамлекет башчысынын көңүлүн алыскы Зардалы айылына бурду. "Зардалы айылы 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жерде электр энергиясы, жол, байланыш жок. 43 кожолук жашаган айылдын жол маселесин чечүүдө жардам берсеңиз", - деди ал.

Андан тышкары, делегат Кара-Бак айылында 2 мин адамга эсептелген суу түтүгү кичинелик кылып жаткандыгын айтты. "Бүгүнкү күндө айылда 8 миң адам жашап, 2 күн суу болсо, 6 кун жок болууда. Ошол маселени да чечүүдө көмөк көрсөтсөңүз", - деди Кара-Бак айылынан келген делегат Курманбек Сапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн