Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:45
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Курулуп жаткан турак жай комплексинен 300дөн ашык батир мамлекетке өттү

01.08.2024 17:25
321
Курулуп жаткан турак жай комплексинен 300дөн ашык батир мамлекетке өттү


Курулуп жаткан турак жай комплексинен 300дөн ашык батир мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Эки жаран алданып калдык деп УКМКга арыз жазган. 2007-жылы үч өнөктөш Орто-Сай айылынын аймагынан 3,08 гектар жер тилкесин сатып алып, бир өнөктөшүнө (Б.С.) каттатышкан. Атайын кызматка даттангандар ал шериктери менен макулдашпай жерди турак жай салуу үчүн курулуш компанияга берип, 18 миң чарчы метр аянт (300дөй батир) алууну көздөгөнүн айтышкан. Алданып калган экөөнүн арызынан кийин УКМК иш козгогон.


"Жер тилкенин үч ээси катыштырып жүргүзүлгөн иштин натыйжасында Б.С. жабыркаган эки жарандын пайдасына 18 миң чарчы метрди берди. Арыздангандар 3 000 чарчы метрди алып калып, калган 15 миң чарчы метрди мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришкен. Бул — 300дөн ашык батирдин аянты. Болжолдуу баасы 15 миллион долларды түзөт. Аталган турак жайларды Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берүү пландалууда", — деп жазылган маалыматта.


Комитеттен курулуш иштери эки жылдын ичинде бүтүп каларын кошумчалашты.


Тергөөнүн жүрүшүндө сөз болуп жаткан жер тилке Аламүдүн токой чарбасына таандык экени аныкталган. Бул факт боюнча жер которуунун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн козголгон кылмыш ишти тергөө уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн