Учтун айы 06, 2025
Убакыт: 15:16
USD
86.85
87.35
EUR
89.50
90.50
RUB
0.750
0.870

Курулуп жаткан үйлөрдүн мыйзамдуулугун эми QR-код аркылуу текшерсе болот

04.01.2025 12:45
165
Курулуп жаткан үйлөрдүн мыйзамдуулугун эми QR-код аркылуу текшерсе болот


Эми турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.


Анын айтымында, Мамкурулуш атайын сайт даярдаган, ал жактан бардык курулуштар тууралуу маалымат алса болот. Ошондой эле 2025-жылдын январь айынан тарта ар бир курулуп жаткан объектиге QR-код тактайчасы илиниши керек.


"Ал QR-код менен телефонуңуз аркылуу Мамкурулуштун сайтына кирип, курулуштун мыйзамдуу экенин билсеңиз болот. QR-код курулуштун убактылуу тосмосунда көрүнүктүү жерде, кеминде 1х1 метр же андан да чоң болгон өлчөмдө курулуш аяктаганга чейин илинип турушу керек", — деген Орунтаев.


Мындан тышкары, курулуш компаниялары январдын аягына чейин ушундай QR-код тактайчасын илүүгө тийиш, болбосо айыпка жыгылары айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн