Бугу 11, 2024
Убакыт: 00:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Курулуш компаниялары чек арада талкаланган үйлөрдү сентябрга чейин бүткөрөт

07.05.2021 12:17
830
Курулуш компаниялары чек арада талкаланган үйлөрдү сентябрга чейин бүткөрөт

Өкмөт менен жолугушуу учурунда курулуш компаниялары Баткенде чек ара чырынан турак жайы жок калгандарга 1-сентябрга чейин үй салып берүү ниетин билдиришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, азыр качкындардын баарына убактылуу жашап туруу үчүн ӨКМдин чатырлары берилген.


"Президент үй-жайынан ажырагандардын баарына там салып берүү тапшырмасын койду. Бул багыт боюнча министрлер кабинети ишкерлер, анын ичинде курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдүк. Алар 1-сентябрга чейин жабыркагандарга бардык шарты менен үй салып берүү ниетин билдиришти", — деди экономика министри.

Кармышаков курулуш компанияларынын бири 30 үй салып берүүнү убадаласа, кээ бири 10, айрымдары 6-8ден там салууну айтышканын белгиледи.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн