Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Курулушчулар Бишкектеги эски үйлөрдү бузууну сунуштады

19.03.2021 11:48
3186
Курулушчулар Бишкектеги эски үйлөрдү бузууну сунуштады

Жаңы, көп кабатуу заманбап үйлөрдү курууга Бишкекте жер тилкеси жок. Мындай пикирин курулушчулар Улукбек Марипов менен жолугушууда билдирди. 


"Адамдар жатаканаларда толук антисанитардык шартта үй-бүлөлөрү менен жашай беришет. Алар көчүрүлүшү керек. Эски жатаканалары жана жашоого жараксыз үйлөрү бар райондордун көйгөйлөрүн чечүү боюнча долбоор даярдадым. Бирок мындай турак жай үчүн компенсация өтө кымбат", - деди Аскарбек Молдобаев.


Анын айтымында, курулуш компаниялары өз каражаттарынын эсебинен имараттарга жанаша жайгашкан жашыл аймактарды жабдууга жана отургузууга даяр, бирок жергиликтүү бийлик менен тил табыша албай жатышат.


“Оптималдаштыруу негизги көйгөйлөрдү чечмейинче пайдасыз. Шаарда бош орун жок", - деди Аскарбек Молдобаев.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Алманбетов Канат Джакупович
Туура чечим колдойм, борборубуз жайылып өспөй, жогору өссө жакшы болмок. Көп көйгөй чечилмек. Жерлер сакталып калмак, айдоо жерлер. Бизге түбөлүккө калтыруу керек.....
Рыскул Бектенова
Барго мисалы биз чыгыш 5те жашайбыз эски үйлөр абдан көп