Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Курулушту куураткан жагдайлар...

27.02.2021 11:29
587
Курулушту куураткан жагдайлар...



Өкмөт башчы У. Марипов курулуш тармагынын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган жагдайларды четтетүүнү тапшырдым  дептир. Мариповго президент Жапаров тапшырса керек. Марипов дагы төмөнкүлөргө тапшырды. Алар да алпарып тапшырат...


Ал эми курулуш тармагына тоскоолдуктун башкысы- инфраструктурага туташуу кыйынчылыгы. Газга, электр энергиясына, канализация, жылытуу, ысык суу, муздак сууга... 


Мына ушуларга туташуу үчүн ар бир жерде пара бермей. 


 Албетте, мындан сырткары уруксат алмай азабы бар.


Өнүгүүнү, курулуш тармагын колдоону көздөгөн өлкөлөрдө коммуникацияга туташууну мамлекет өзү чечип берет. Суусун, газын, электрин мамлекет өзү алып келип берет...


Кыргызстанда да курулушка уруксат берилүү менен бирге коммуникацияга туташуу маселеси автоматтык түрдө чечилиш керек. Мүмкүн, кандайдыр бир акы менен. Легалдуу түрдөгү...


Мына ошондо коррупцияга да чек коюлат. Курулуштун өсүшүнө да жол ачылат.


Айданбек Акматов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн