Куткаруучулар Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен 10 жаштагы баланы издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-август күнү Тойчу айылында 2010-жылы төрөлгөн бала Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 4 куткаруучу, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, жалпы 8 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон эмес.
Издөө иштери 12-август күнү улантылары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн