Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Кутубузду учурбасак баардыгын жеңебиз, - Мирлан Самыйкожо

08.07.2020 10:55
1444
Кутубузду учурбасак баардыгын жеңебиз, - Мирлан Самыйкожо


Өлүмдөн коркконубуздун бирден бир себеби даяр эместигибизде. Даяр болуу үчүн сөзсүз эле баарын даярдап, балдарыңа хан сарай куруп коюу эмес деп түшүнөм. Негизги даярдык жан дүйнөнүн тынчтыгы менен тазалыгында жана бир Кудайга болгон толук ишенимде деп ойлойм. Демек, тынчтык деген эң жакшы. Тынчтык бар жерде өнүм болот, жаңылануу, жаралуу бар.


Түркүн куштар эркин сайрап, гүлзарлуу жайга айланат. Ал эми талаш-тартыш, ызы-чуу, дүрбөлөң, (паника) бар жерден үрөй учат, кут качат! Жандуунун баары ошол тополоңдун шарданы менен коркуу сезимдерине алдырып өз өмүрлөрүнө өздөрү зыян алып келет.


Эгер, бир үй-бүлөдө жөнү жок эле же болбосо бөөдөй нерсени төөдөй кылып алып ашынган чуулган болуп атса, ошол үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири гана акыл токтотуп, алгач баарын тынчтанууга чакыра алса ал үйдөгү жаңжалдын жаалы басылат. Алар бири-бирине керек экенин түшүндүрө алса ал үйгө мээрим баш багат. Талаштын түйүнүн жөп-жөнөкөй гана чечүүгө өтүшсө ынтымак байырлай баштайт. Жыйынтыгында мурда тешиктей көрүнгөн көйгөй чекиттей көйгөй экенин көрүп, көйгөй жок, мүмкүнчүлүк гана бар деген чечимге келишсе ал үйгө тынчтык орноп конуп, балаанын карааны жоголуп бакыттын эшиги ачылып, ырыстын кешиги жаайт деп ойлойм.


Ушул үй-бүлө биздин мамлекетибиз болсо, баарыбыз бир түндүктүн алдындагы бир туугандарбыз. Андыктан, билгенибиз болсо билбегенибизди кагып-силкпей, сөгүп-сакпай, каргап-шилебей эле бири-бирибиздин кутубузду учурбай түшүндүрүүгө өтсөк баардыгын жеңебиз деп ойлойм. Бул менин оюм, сиз кандай дейсиз калемгер элдин келечектүү урпактары?


Акын, журналист Мирлан Самыйкожо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн