Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин эки айга камакка алынды. Ошентип дайыма эле суудан кургак чыга калып жүрчү Бабанов биринчи ирет УКМКнын тергөө абагында отура турган болду. Ал «Кумтөр» маселеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынганы гана белгилүү. Ал эми анын «Кумтөр» келишиминде Кыргызстандын кызыкчылыгына кандай кыянатчылык кылганын соттук териштирүүлөр гана көргөзө алат.
Деги эле кандай бийлик келбесин, алардын тамырын бат эле тартып алып, өтө жакын адамдарынын катарына кире алган Бабанов өзү ким? Бийлик башындагыларды да, шайлоочуларды да өзүнө тарта алган өзгөчөлүгү эмнеде? Ачыгын айтыш керек, Өмүрбек Токтогуловичтин туруктуу тарапташтары, туруктуу шайлоочулары бар. Анын улам-улам сөзүнөн кайтканына, саясаттагы коркоктугуна, берген убадаларынын аткарылбаганына карабай эле колдогондор дагы деле бар. Ал бир убадасын экинчи жолу кайталап жатса деле ишенгиң келе берет. Күлүп турган көздөрү жана сырткы келбети да көпчүлүк шайлоочулардын купулуна толот. «Ушул жигит бийлик башына келсе мамлекетти оңдойт эле» деп ишенгендер да аз эмес.
Ал мамлекет үчүн көзгө көрүнө тургандай жакшы иштерди жасоосуна буга чейинки саясий карьерасында жакшы эле мүмкүнчүлүк берилди. Өлкөнүн өкмөт башчысы кызматына чейин көтөрүлдү. Бирок, «ушул ишти Бабанов жасап кеткен, ошонун акыбетин көрүп жатабыз» деп унутпай айтып жүрө турган себепти табуу кыйын.
Мисалы, ал Аскар Акаевдин убагында анын уулу Айдар менен достук мамиледе болуп, жеке бизнесин өнүктүрүүгө жакшы эле пайдаланганы белгилүү. Бабановдун өмүр таржымалына карасак, адегенде бизнесин Казакстанда баштаган. 1995-1998-жылдары Казакстандын Тараз шаарында жоопкерчилиги чектелген коомдун директору болгон. Анан 1998-1999-жылдары «Шымкентнефтеоргсинтез» ААКнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келген. Анан «Мунай» компаниясынын башкы директорунун орун басары, Жалал-Абаддагы «Кыргыз пахта» ЖАКнын президенти, Кыргызстандагы «Петро Казакстан Ойл Продакс» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп иштеген. Бул иштердин баарын ал Айдар Акаев менен ынак достугунун аркасы менен илгерилеткен.
Анан Акаевдин доору аяктайт. Ошондон тарта саясатка аралаша баштаган. 2005-2007-жылдары Кара-Буура шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болот. Анан 2007-жылы КСДП партиясынын шайлоо алдындагы штабын жетектейт. Бул партия ал кездеги Бакиевдин бийлигинин башкы оппоненттеринин бири Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгонун билебиз. Анан эле ал Максим Бакиевдин ынак досуна айланып чыгат. Бабановдун амалкөйлүгү, тез эле байып кетүүнүн түрдүү жолдорун жакшы билгени кыязы Максимге да жакса керек. Натыйжада 2009-жылы ал кездеги президенттин буйругу менен биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалат. Кайра ошол эле жылы өз каалоосу менен кызматтан кетет. Ошондо ал биринчи ирет саясаттан биротоло кетерин, мурдагысындай эле бизнес менен гана алектенерин билдирет.
2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бабанов убадасын унутуп, саясатка кайтып келет. Бул ирет «Республика» аттуу жаңы партияны түптөп, ага лидер болот. Ал жылкы парламенттик шайлоодо «7%дык ипотекалык кредит беребиз», «Электр энергиясынын баасы өндүрүлгөн баасында болот» деген сыяктуу таттуу убадаларды берип жатып, партиясы менен парламентке келет. Ошол эле жылы ал өлкөнүн биринчи-вице-премьерлик кызматына экинчи ирет отурат. 2011-2012-жылдары премьер-министр болуп иштейт. Бул кызматтан ал «Түркиялык ишкерден кымбат баадагы тулпар алган» деген ызы-чуу менен кетүүгө аргасыз болгонун коомчулук жакшы билет.
2015-жылкы парламенттик шайлоодо азыркы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин «Ата-Журт» партиясы менен биригип, шайлоого аттанат. Шайлоодон кийин К. Ташиевди жана анын командасын «борт сыртында» калтырат. Болбосо, ал жолку парламенттик шайлоодо жеңишке жетишине «Ата-Журт» партиясынын да чоң салымы болгон.
2017-жылдагы президенттик шайлоодо маарага экинчи болуп келген. Бирок, шайлоодон кийин 600 миң шайлоочусунун ишенимине суу бүркүп, «Мен чоң саясаттан биротоло кеттим» деп чет өлкөгө чыгып кетип, бир топ убакыт Кыргызстанга келбей жүрдү. Ал ошондо Он-Адырда сүйлөгөн сөзү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан коркуп качканын да коомчулук билет.
Ал эми ага байланыштуу айтылып жүргөн чуулгандуу окуялар арбын. Мисалы, азыркы учурда Бабановго тиешелүү болуп турган «АКБ Кыргызстан» банкы боюнча. Бул банктын мурдагы ээси Шарипа Садыбакасова жана бир нече акционерлери 2008-жылы Бабанов Максим Бакиевдин жардамы менен банкты алардан тартып алганын он жылдан ашык убакыттан бери зар какшап айтып келет. Алардын айтымында ар кандай коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам банктын 60% акциясын топтоп, аны 22 млн долларга сатууга аргасыз болушкан. Бирок, ал акчаны да колдоруна алышкан эмес. Ошол акчага башка банктын акцияларын сатып алууга мажбурлашкан. Эгерде Ш. Садыбакасованын жана банктын мурдагы акционерлеринин айткнадары жалган, курулай жалаа жабуу болсо, анда эмне үчүн Өмүрбек Токтогулович аларды ушул күнгө чейин сотко берген эмес? Эмнеге жалган жалааларга кулагын жаап алып келди?
Мындан сырткары Бабановдун бизнесмен Валерий Хон менен да чырлуу иши аягына чыкпай келет. 2012-жылы Бабанов өкмөт башчысы болуп турган кезде «ВОССТ» ЖЧКсынын жамааты президенттин атына ачык кайрылуу жасашкан. Анда аталган ЖЧКнын обьектилерине жасалган рейдерлик баскынчылык тууралуу айтылган. Аталган компаниянын обьектилерин басып алууга аракет биринчи ирет 2004-жылы ал кездеги президенттин уулу Айдар Акаевдин «калкалоосу» менен жасалганы айтылат. Ал эми экинчи процесс 2008-жылдын 1-июлунда башталат. Тактап айтсак, анда Бабанов Хонго тиешелүү нефтебазаны «сатып алуу» аракетин баштайт. Аргасы калбаган Валерий Хон сатуу-сатып алуу келишими менен укук берүүчү документтердин баарын өткөрүп берет. Бирок, убада кылынган акчаны ала алган эмес. Бул боюнча да Хон соттун бардык инстанцияларына кайрылган. Бирок, Бабановдун таасиринен улам эч кандай жыйынтык чыкпаган. Эгерде бул факты да жалган болсо, анда Бабанов аны жок жеринен айыптап жатышканы үчүн «ВОССТтун» жамаатын сотко бербейт беле?
Ошентип адегенде Акаевдин уулунун, кийин Бакиевдин Максиминин, андан соң Атамбаевдин өзүнүн тилин таап, рейдерлик баскынчылыктары үчүн жоопкерчилик тартпай, ар дайым суудан кургак чыгып келген Бабанов бүгүн чындап эле тутулдубу? Же азыраак убакыт түрмөдө отуруп эле чыга калабы?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн