Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Ош шаарындагы коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштейт

09.01.2023 16:41
535
Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Ош шаарындагы коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштейт



Бүгүн, 9-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кыш мезгилиндеги жылуулук боюнча Штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында тиешелүү мекеме-ишканалардын жана кызматтардын жетекчилери күз-кыш мезгилиндеги жылытуунун жүрүшү, адистештирилген коммуналдык ишканалардын жолдорду тазалоого даярдыгы, жылуулук менен камсыздоочу ишканалардагы көмүр запастары боюнча маалымат беришти. Билим берүү мекемелери офлайн режиминде да, онлайн режиминде да окууга толук даяр экендиги белгиленди.


Мэр болжолдонгон сууктан улам шаардын бардык муниципалдык кызматтары жана ишканалары күчөтүлгөн режимде иштөөсүн тапшырды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн