Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:27
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Куудул Союзбек Сейитказиевге “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды

13.04.2022 10:24
1302
Куудул Союзбек Сейитказиевге “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, куудул Союзбек Сейитказиевге “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ал маданият жана искусство тармагынын сатира жанрына кошкон салымынын негизинде тапшырылды.


Ошондой эле, сыйлоонун жүрүшүндө маданият министри Азамат Жаманкулов Союзбек Сейитказиев менен баарлашып, алдыда жасала турган иштер жана пландар менен ой бөлүшүп, Маданият министрлиги тарабынан Сатира театрын ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.


Мындан сырткары, Азамат Жаманкулов куудулдун чыгармачылыгына ийгилик каалап, коомдук турмуштагы жат көрүнүштөрдү, адамдардын иш аракеттериндеги, мүнөздөрүндөгү жагымсыз сапаттарды күлкүгө алып, сындаган чыгармалардын калыптанышы жана сатира жанрынын өнүгүшүнө бар аракетин көрөөрүн билдирди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн