Кувейт мамлекети Бишкекте элчилик ачууну көздөйт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
30-ноябрда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Ахмад Насер Аль Сабах сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда Кувейт тарап Бишкекте эки өлкөнүн мындан ары тыгыз байланышта болуусу үчүн элчилик ачууну сунуштаган.
Мындан сырткары, эки өлкө ортосундагы достук байланышты бекемдөө максатында саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык маселелер талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн