Бүгүн, 30-июнда Эль-Кувейт — Бишкек каттамы менен Кыргызстанга 102 жаран кайтып келди. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты.
Кувейттен, ошондой эле буга чейин Катар, Египет жана Малайзиядагы жарандар дагы кайтып келишти. Алар үчүн Кувейт тарабынан транзиттик каттам уюштурулган.
"Келген баардык жарандар обсервацияга алынды. Чет мамлекеттерде калган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн