Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Күйөбү жокпу деп өрттөгөн. Кара-Көлдөгү балатыны өрттөөгө шектелгендер кармалды

Күйөбү жокпу деп өрттөгөн. Кара-Көлдөгү балатыны өрттөөгө шектелгендер кармалды

Кара-Көл милициясы жаңы жылга карата жасалган балатыга от койгондорду аныктады.


Облустук милициянын маалымат кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 23-декабрь күнү саат 05.00 чамаларда Кара-Көл ШИИБдин 102 номерине телефон чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жатканын кабарлаган. 


Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган. Бул окуя Кара-Көл ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына "Өрт кырсыгы" болуп катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо максатында тиешелүү экспертиза дайындалган. Ошондой жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында окуяга шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө топтолгон материал Кара-Көл ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 


216-беренесинин негизинде (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча шектүүлөр суралып, алар 2002-ж.т. С.Б., 2004-ж.т. А.Н., 2004-ж.т.К.Н. жана 2005-ж.т.А.А. экендиги жана балатыны отко күйөбү же жокпу деп ойноп от жагып ал тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган. 

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн