Тогуздун айы 08, 2024
Убакыт: 12:50
USD
84.85
85.35
EUR
92.50
93.50
RUB
0.875
0.915

Күйүүчү май кымбаттап, бизнес жана экономика үчүн тобокелдиктер болот, - Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Күйүүчү май кымбаттап, бизнес жана экономика үчүн тобокелдиктер болот, - Нефтетрейдерлер ассоциациясы


Күйүүчү май кымбаттап, бизнес жана экономика үчүн тобокелдиктер болот. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын күйүүчү майды маркалоону киргизүүгө тынчсызданган кайрылуусунда айтылган.


Ассоциация күйүүчү майды милдеттүү маркалоону киргизүүнүн шарт-мөөнөтүн карап чыгууну өтүндү. Нефтетрейдерлер бизнес ыңгайлашып, баа кескин көтөрүлүп кетпеши үчүн 1-2 жылга пилоттук долбоорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунушташууда.


Нефтетрейдерлер майдын кымбатташына алып келүүчү себептерди тизмектеди:

- азырынча маркалоонун баасы анык боло элек. Божомолдор боюнча, бир литр 40-50 тыйын болот;

- бул тармактагы бизнес ансыз да башка төлөмдөргө жык толгон. Маселен, импортко кошумча нарк салыгы, акциз салыгы, сатуудан алынуучу салык, бажы алымдары, экологиялык төлөмдөр, "Кыргыз темир жолунун" кызматтары үчүн, киреше салыгы, социалдык жана башка төлөмдөр. Алар литрине 18 сомдон башталат;

- маркалоо кызматтары процедура жана акциз үчүн алдын ала төлөмдөрдү талап кылат. Мунай компаниялары бир нече миллион сомду тоңдурууга аргасыз болушат. Алар ансыз деле мунай затына алдын ала төлөшү керек;

- каржы жаатында кыйналып орто, кичи ишканалар жабылышы ыктымал;

- кошумча чыгымдан күйүүчү май кымбатташы мүмкүн;

- процедура бизнес-өкүлдөр менен алдын ала сүйлөшүлбөй киргизилди, механизм жеңилдиктерди, алымча-кошумчаны талап кылат;

- бардык мунай базаларын тейлеген лаборатория аз. Мындан улам бул кечигүү жана токтоп калуу коркунучун жаратат. Логистика жаатында, өзгөчө аймактарга жеткирүү көйгөйгө айланат.


Эске салсак, өлкөдө күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке киргизилген. Жаңы жылдан тарта маркасы жок бензинди жана дизель майын сатууга тыюу салынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн