Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт: Айбек Жунушалиев тиешелүү адамдарга чара көрүүнү тапшырды

21.12.2021 16:17
436
Күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт: Айбек Жунушалиев тиешелүү адамдарга чара көрүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев күйүүчү-майлоочу майлар сакталган кампадагы өрттүн чыгышына алып келген жагдайды тактоо боюнча чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Жыйындын жыйынтыгында мэр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жана Биринчи май райондук прокуратурасына аталган кампанын ээси болгон «Триумф клуб» ЖЧКсына уруксат кагазын берген адамдарга юридикалык баа берүүнү тапшырды.


Ошондой эле, Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча өрткө каршы инспекциясына өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген чарбакер субъекттердин реестрин даярдоо тапшырмасы берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн