Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 14:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү калкалаган салыкчылар кармалды

15.05.2023 10:47
533
Күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү калкалаган салыкчылар кармалды

Күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү коргоп жардам кылгандыгы үчүн салык кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, УКМК Мамлекеттик салык кызматкерлеринин көзөмөлү астында күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ташып келүү жана сатуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.


Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы - Б.Р.К., ошондой эле Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Н.Д.О., жеке баюу максатында, узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып келүүчү жана сатуучу айрым ишкердик субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга көмөктөшкөн.


Ошентип, республиканын түндүк облустарынан түштүк облустарына товарлардын ички өтүү шылтоосу менен жеке фирмалар салык органдарында эсепке алынбаган күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенишкен. Ошол эле учурда аларга Мамлекеттик салык кызматынын "Сосновка" жана "Каракөл" көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүү камсыздалган. Бул коррупциялык схемага колдоо көрсөткөндүгү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын аталган кызматкерлери күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон акча каражатын алып турушканы аныкталган.


Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыктын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы А.Т.М. жана Чүй облусунун Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыктын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору М.у.Б., жасалма жөнөтүү документтерин жасашып, атап айтканда, жасалма Электрондук товар-транспорттук баракчаларга штамптарды чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майларды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан. Бул кызмат көрсөткөндөрү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар биринен 5 миң сомдон алганы аныкталган.


Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз алып келген, сактаган жана контрабандалык жол менен ташып келген фирмаларга салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн