Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:29
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Күйүүчү майдын баасы боюнча министрлер кабинети кандай чара көрүүдө?

22.10.2021 14:10
747
Күйүүчү майдын баасы боюнча министрлер кабинети кандай чара көрүүдө?

КР Президентинин администрациясынын жетекчиси - министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “АгроТехЭкспо 2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкесинин салтанаттуу ачылышында күйүүчү-майлоочу майлардын баасын кармап туруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты.


Анын айтымында, учурда мындай тенденция Кыргызстанда гана байкалып жаткан жок, бирок жакында бул маселени чечүү пландаштырылууда.


“Министрлер кабинети тарабынан бааларды кармап туруу боюнча төмөнкү чаралар көрүлүүдө: акциздик салыктын ставкасын убактылуу төмөндөтүү, дизелдик отунду импорттоону жана берүүнү кошумча нарк салыгынан бошотуу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү”, - деди ал.


Жапаров ошондой эле Россиянын мунай иштетүүчү эки заводунун пландуу ремонттон өтүп жатышы кырдаалды курчутуп жатканын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн