Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт, - Монополияга каршы агенттиги

17.06.2021 13:01
912
Күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт, - Монополияга каршы агенттиги


Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга болгон баанын кескин көтөрүлүшү болбойт. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу майдын 90%ы Россиядан алып келинет.

“Кескин баанын көтөрүлүшү болбойт. Көтөрүлө турган болсо этап-этабы менен жүрөт. Алсак, 50 тыйын, 1 – 1,5 сомдон өсүшү мүмкүн”, - дейт ал.

Тайлаков кошумчалагандай, Кыргызстанда АИ-92 бензининин бир литри эң кымбат Ош облусунда (51 сом), ал эми эң арзаны Бишкекте сатылат (49-50 сом).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн