Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Күйүүчү майга болгон бааны көтөрбөө талабы коюлду

04.05.2023 13:04
293
Күйүүчү майга болгон бааны көтөрбөө талабы коюлду

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу май рыногунун ири ишкер субьекттерине бир катар талаптарды койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.


Нефтетрейдерлер ассоциациясына май айында бензин тобунун баасын литрине 1,5-2 сомго жогорулатуу мүмкүндүгү жөнүндө ачык билдирүүсүнө байланыштуу мыйзамдарды бузууга алып келе турган аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө эскертүү берилди.


Ошондой эле күйүүчү-майлоочу май рыногунун ири ишкер субъекттерине төмөнкүдөй талаптар коюлду:

- баалардын негизсиз жогорулашына жол берилбесин;

- "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамынын талаптарын так сакталсын;

- жазгы талаа жумуштарын эске алуу менен күйүүчү-майлоочу майдын баасын кармап туруу боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлсүн;

- сомго, ошондой эле АКШ долларына карата рублдин курсунун төмөндөшүн эске алуу менен бааларды эсептеп, күйүүчү-майлоочу майдын өздүк наркын эсептөөнү тонна эмес, литр менен жүргүзүү зарылдыгы;

- рыноктогу кырдаал өзгөргөн учурда кызмат менен кайтарым байланыш түзүп, алдын алуучу чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын.


Күйүүчү-майлоочу майга карата баанын жогорулоо маселеси Монополияга каршы органдын өзгөчө көңүл борборунда турат. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөөрү эскертилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн