Үч президенттин убагында өкмөттө иштеген, Кыргызстандын Түркмөнстандагы
элчиси болгон, КР нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти да болгон
экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетов kaktus.media сайтына
бензиндин жана дизелдик отундардын учурдагы баасынын абалы боюнча айтып берди.
Биз ал маекти кыргызчага которуп беребиз.
- Учурдагы абал кандай?
- Бүгүнкү күндө Кыргызстан өтө төмөнкү баадагы күйүүчү-майлоочу майларга импорттук көз карандылык рейтингин баштап турат. Кыргызстанга жылына 1 240 000 тонна нефт продуктулары Россиядан келет. Анын:
- 520 тоннасы бензин;
- 590 тоннасы дизелдик отун;
- 130 тоннасы авиакеросин.
- Эмне үчүн биз даяр күйүүчү майды сатып алабыз, эмнеге өзүбүз чыгарбайбыз? Биздин нефти чыгуучу жерлерибизге эмне болду?
- Кыргызстанда нефть жана газ бар. Фергана өрөөнүндө иштетүү
үчүн өтө чоң инвестиция керек, көптөгөн сүйлөшүүлөр болсо дагы, азырынча бир
дагы компания казуу иштерин баштоого батына элек.
Азыр Кыргызстанда 14 нефти кайра иштетүүчү заводдор бар, анын ичинде орто жана чакан заводдор. Бирөөсү Кара-Балтада, экөө Жалал-Абадда, Бирөө Токмокто жана Кеминде да курулуп жатат. Учурда алар негизинен токтоп турат, себеби заводдордо кайра иштетүүгө чийки нефти жок. Ооба, Россия бизге 55 тонна чийки нефти жеткирет, бирок бул биздин керектөөбүз үчүн күлкү келтирээрлик минимум.
Факты боюнча Кыргызстанга эч ким бизге жетиштүү өлчөмдө чийки нефти ташыбайт. Эгерде Кыргызстанга жылына 2 000 000 тонна чийки нефти ташышса, же казышса, анда биз өзүбүздүн керектөөбүздүн 40%ын камсыздай алмакпыз.
- Кыргызстан кимден нефть/дизелдик отун сатып ала алат? Биздин мамлекеттин кандай варианттары бар?
- Азыр бир нече мамлекеттерден ташуу талкууланып жатат: Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Россия. Мына ушул варианттардын баарын карап көрбөйлүбү.
Казакстан. 2020-жылдан тарта Казакстан нефть продуктуларынын экспортун ачты, бирок баасы Россияныкы менен бирдей, маал-маалы менен 10-15 долларга жогору болду. Казакстан нефть продуктуларын өздөрүнүн ички баасы менен сатууну пландаган жок, андай баа чыгашалуу. Алардын баасы биз үчүн рынок баасынан аз болбойт. Андан калса, 2021-жылдан тарта Казакстан экспорт жаап салды, аны өздөрүнүн керектөөсү көбөйгөнү менен түшүндүрүштү. Ишенимдүүлүктүн чектелишинен жана жеткирүүнүн баасынан улам Казакстандан ташуу суроо боюнча турат. Кепилденген ташууну камсыз кылуу максатында Россия Федерациясынын аналогиясы боюнча өкмөттөр аралык келишимдин алкагында индикативдик баланска кол коюлушу керек.
Өзбекстан. Өзбекстан Кыргызстанга нефть продуктуларын жеткире алмак, бирок ал жакта жыл сайын нефти жана газды казуу кыскарып жатат. Бүгүнкү күндө Өзбекстан өздөрүнүн нефть продуктуларына болгон суроо-талаптарын камсыздай албай жатат.
Азербайжан. Бир гана Каспий деңизи аркылуу, бирок жолдо өтө көп транзит зоналары жана чек аралар бар, бул көрүнүш логистиканы татаалдаштырат жана кымбаттатат. Андыктан бул вариантты ишке ашыруу жетишээрлик татаал.
Түркмөнстан. Биз Түркмөнстандан нефтини Ош жана Жалал-Абад зоналары аркылуу ташый алмакпыз, бирок биздин нефтетрейдерлер мыйзамдагы юридикалык аспектилерден улам түркмөнстандык заводдор менен кызматташууну жөнгө салуулары өтө кыйын болуп турат. Андыктан бул вариант дагы жарабайт.
Россия. Кимдир-бирөөнүн бактысына жараша, а кимдир-бирөө үчүн тилекке каршы, Россия – бул нефть продуктулары менен камсыздоодогу жалгыз логикалуу вариант. Балким, бул логистикалык планда анча ыңгайлуу эмес, себеби Казакстан жана Өзбекстан территориалдык жактан жакын, бирок экөө тең өздөрүнүн себептеринен улам Россиядан айырмаланып, биздин суроо-талапты камсыздай алышпайт. Мындан сырткары Россиядан ташуу жакшы жөнгө салынган жана убакыт менен текшерилген.
- Азыр баалар эмне болуп жатат?
- Бензиндин баасын саясат эмес, нүрынок шарты аныктайт. Азыр күйүүчү-майлоочу майлардын баасы «пандемияга чейинки» баасына кайтып келүүдө, бирок сом менен доллардын жаңы курстук айырмачылыгы менен. Дагы бир себеби - жалпысынан нефть кымбаттады жана россиялык заводдордо күйүүчү-майлоочу майлардын акыркы баасы көтөрүлдү.
Бирок, азыр Россия менен Кыргызстандын ортосундагы аракеттеги макулдашууга көңүл буруу керек, анда Россия Кыргызстанга нефть продуктуларын сатууда экспорттук салыктарды көбөйтпөйт.
Башкача болгондо күйүүчү-майлоочу майлардын баасы Өзбекстан жана Тажикстандагыдай дагы 10-20 сомго кымбаттамак.
- Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майларга байланыштуу кырдаалды кантип жакшыртса болот?
- Маселени чечүүнүн жолдорунун бири – жылына 1-2 миллион тонна чийки нефти казууну уюштуруу. Ошондо Кыргызстан нефти продуктуларына болгон өз керектөөсүн кыйла жеңилдетмек. Бизде нефть жана нефтини иштетүү үчүн кереткүү инфраструктура бар, бирок керектүү нефти казуучу ишканабыз жок. Бул жетишээрлик кымбат туруучу долбоор.
Ошондой эле долларга карата сомдун курсунун бекемделиши да күйүүчү майдын акыркы керектөөчүгө, башкача айтканда ар бир айдоочуга арзан болушуна жардам кылмак.
Эгерде Кыргызстан ушул эки маселени чече алса, анда ар бир айдоочу каалаган АЗСтен бензин куйгандан кийин ыраазы болуп калмак.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн